Кванттык сандар

Википедия дан

Кванттык сандар – айрым элементардык бөлүкчөлөрдүн жана кванттык системалардын (атом ядросу, атом, молекула жана башка) абалын мүнөздөөчү физикалык чоңдуктардын мүмкүн болгон дискреттүү (үзгүлтүксүз) маанилерин аныктоочу бүтүн же бөлчөктүү сандар. Кванттык сандар физикага биринчи жолу атом спектрлерин изилдөөдө тажрыйбада алынган закон ченемин түшүндүрүүдө киргизилген. Бирок кванттык сандардын мааниси жана ага жараша микробөлүкчөлөрдү мүнөздөөчү бир катар физикалык чоңдуктардын дискреттүү болушу кванттык механика тарабынан ачылган. Атом электрондорунун абалы анын төрт эркин даражасына туура келүүчү төрт кванттык сандар аркылуу аныкталат. Суутектин жана суутек сымал атомдордун абалы n, l, m1 m3 кванттык сандар менен мүнөздөлөт. Негизги (башкы) кванттык саат n=1, 2, 3, ... электрондун туруктуу абалындагы энергия деңгээлин аныктайт. Азимуттук (же орбиталык) кванттык саат l=0, 1, 2, ..., n–1 электрон орбитасындагы кыймыл сан моментинин квадратынын маанилеринин спектрин берет: М12=h2l(l+1). Магниттик кванттык сандар m1орбиталык моменттин Mi кандайдыр бир эркин тандалып алынган багытка (z огу деп кабыл алынуучу) түшүрүлгөн проекциянын-Miz мүмкүн болгон маанилерин мүнөздөйт: Miz =hmi. Cпиндик кванттык сандар m8 электрондун спининин проекциясынын мүмкүн болгон маанилерин мүнөздөйт жана эки мааниге ээ m8=±1/2.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]