Кванттык өтүш

Википедия дан

Кванттык өтүш - квант системасынын (атом, молекула, атом ядросу, кристалл) белгилүү бир абалдан башка абалга өз алдынча дискреттүү (тез) өтүшү. Мис., дүүлүккөн атомдордун жарык квантын чыгарышы. Кванттык өтүш деген түшүнүк кванттык теория менен кошо болгон. Ошондой болсо да Кванттык өтүштүн табиятын толук түшүнүү квант механикасы системасынын абалына аныктама бергенден кийин мүмкүн болду.

Атом төмөнкү негизги 1 абалда болуп сырттан нурлар (фотон) таасир этсе энергия жутулуп 2 дүүлүккөн абалга аргасыз өтөт. Дүүлүккөн атомго сырттан кандайдыр таасир этпестен фотонду (квантты) чыгаруусу спонтандык (же өз алдынча) деп аталат. Эгерде дүүлүккөн атомго сырттан фотон таасир этсе, кошумча фотонду чыгарат, мындай окшош фотонду чыгаруу аргасыздан (индукцияланган) өтүш. М.Планк өзүнүн формуласында теңсалмактуу жылуулук нурлануусу үчүн чөйрөнүн энергиясы радиациялык талаага өзүнчө дискреттүү, квант бериши айтылган. Н.Бор кванттык жарык энергиясы электрон бир стабилдүү абалдан экинчи абалга өтүүдөгү энергиянын өзгөрүшү менен байланыштырган. Кванттык өтүштүн табиятын квант механикасынын система абалын аныктоодо гана толук түшүнүүгө мүмкүн. Система өз алдынча Кванттык өтүштө бирдей эле энергияда эки башка абалда болушу мүмкүн. Ошентип атом жана радиациялык талаа эки абалда болсо: бирөө – кванттык талаасыз дүүлүккөн атом, экинчиси – квант талаада болуп жана атом негизги абалда. Бирок квант энергиясы, дүүлүккөн атомдун энергиясына барабар. Ошондуктан атом жана талаа энергиялары өз алдынча барабар болушат. Ар бир абалдагы энергияны өз алдынча карасак баштапкысын жана акыркысын так аныктоого мүмкүн эмес (атом дүүлүгүп, квант чыга элек болсо). Мында өз ара аракет этүүдөгү система абалын өз алдынча бериши керек. Аныксыздык принцибинде ΔЕΔt≥h, ар бир абалда ΔЕнин так эмес берилиши, ар кандай өтүү жөндөмдүүлүгү орточо жашоо убактысы Δtга байланыштуу болот. Кванттык механикада Кванттык өтүштө өтүү мүмкүнчүлүгүн эсептеп чыгаруу эң негизги маселе.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]