Квант генератору

Википедия дан

Квант генератору - аргасыздан нур чыгаруучу кубулуш пайдаланылган электр-магниттик толкундар генератору.

Өтө жогорку жыштыктар (ӨЖЖ) диапазонунда иштөөчү Квант генератору жана квант күчөткүчү көп учурда мазер деп аталат. ӨЖЖ диапазонундагы биринчи Квант генератору 1955-ж. бир мезгилде СССРде жана АКШда түзүлгөн. Анда активдүү чөйрө катары аммиактын молекуласынын тобу пайдаланылган. Андан кийин суутектин атомунун тобуна ӨЖЖ диапазонундагы Квант генератору курулду. Мунун маанилүү өзгөчөлүгү - генерацияланган жыштыкты 10-13 жеткирип, өтө туруктуу карман тургандыгында.

Оптикалык диапазондогу Квант генератору - лазер 1960-ж. пайда болду. Лазер спектрдин ультракызгылт көк нурунан тартып субмиллиметрдик тармагына чейинки толкун узундугунун кеңири диапазонунда импульстук жана үзгүлтүксүз тартипте иштейт. Лазер кристаллдуу, айнектүү, газдуу, суюктуктуу жанажарым өткөргүчтүү болот. Башка жарык булактарынан айырмаланып, лазер жогорку когеренттүү монохромдуу жарык толкунун чыгарат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.