Квант химиясы

Википедия дан

Квант химиясы - квант теориясынын түшүнүктөрүнө негизделген молекула, ион жана радикалдардын түзүлүшү, физикалык-химиялык касиеттери жөнүндөгү илим.

Ал химиялык байланыштардын жаратылышы, валенттүүлүк, молекулалардын электрондук түзүлүшү жөнүндөгү окууну өз кучагына алуу менен молекулалардын спектроскопиялык, электрдик, магниттик касиеттери, алардын өз ара аракеттенүү күчүн, реакцияга кирүү жөндөмдүүлүгүн квант механикасынын методдорунун негизинде түшүндүрөт.

Квант химиясы - физика менен химиянын чектеш бөлүгүндө жаткан теориялык илим. Квант механикасы атом-молекулалык системанын касиетин Шрёдинеер теңдемеси, Паули принциби жана универсалдуу физикалык туруктуулуктардын негизинде эсептөөгө мүмкүндүк берет. Шрёдингер теңдемеси суутектин атому жана бир электрондуу суутектин молекуласынын иону үчүн даана чыгарылат.

Ал эми 2 жана андан көп электрону бар системалар үчүн бул теңдеме так чыкпайт. Ошондуктан көп электрондуу системалар үчүн жакындаштырылган түрдүү методдор колдонулат. Квант химиясында негизинен бул өңдөнгөн жакындаштырылган методдордун эки түрү кеңири таралган. Анын бирөө - 1927-ж. В. Гейтлер менен Ф. Лондон киргизген валенттик байланыш ыкмасы, 2-си - 1920-ж. Ж. Леннард Жонс, Р. Малликен, Ф. Хунд иштеп чыккан молекулярдык орбитал ыкмасы. Валенттик байланыш ыкмасы молекулалардын түзүлүшү жана алардын геометриясы жөнүндө жөнөкөй, элестүү түшүнүк берет. Азыр молекулярдык орбитал ыкмасы тагыраак маалыматтарды берип, колдонулган математикалык аппаратка электрондук эсептөө машиналарын пайдаланууга өтө ыңгайлуу болгондуктан, кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.