Квант электроникасы

Википедия дан

Квант электроникасы, кванттык радиофизика - радиофизиканын аргасыздан (индукциялануудан) нур чыгаруу эффектисин колдонуунун негизинде электр-магнит термелүүлөрдү генерациялоо, күчөтүү методдорун изилдөөчү бөлүгү.

Ал квант күчөткүчү менен генераторлордун касиеттерин жана алардын колдонулуу мүмкүнчүлүгүн да караштырат. Аргасыздан нур чыгаруу жөнүндөгү Эйнштейн (1917) менен Дирактын (1927) шарттарынын оптикада колдонулушу калыптанганына карабастан Квант электроникасынын өсүшү радиофизикадан башталган.

Радиоспектроскопиянын өнүгүшүнө байланыштуу радиофизикага квант методдорун колдонуу 40-жылдарга таандык. Жарыктын квант генераторлоруна (лазерге) практика жүзүндө өтө кызыгуунун пайда болушу, баарыдан мурда анын чыгарган жарык толкуну жарыктын башка булагына Караганда өтө жогорку сапатта бир багыттуу жана монохромдуу болушуна байланыштуу.

Квант электроникасы төмөнкүдөй маанилүү үч маселени чечет;

  • 1) жогорку стабилдүү (туруктуу иштөөчү) молекулалык генераторлорду, ошондой эле атом стандарттарындагы жыштыкты түзүү;
  • 2) квант күчөткүчүндөгү радио ызы-чуусун төмөндөтүүнүн негизинде радиоаппараттардын сезгичтигин кескин жогорулатуу;
  • 3) жыштыктын оптикалык жана инфракызыл диапазонундагы монохромдуу нур чыгаруучу генераторду иштеп чыгуу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.