Квартет

Википедия дан

Квартет (латынча quartus – төртүнчү) – 1) төрт аткаруучудан (аспапчылардан же вокалисттерден) турган ансамбль. Аспаптык квартет кылдуу, тартма, үйлөмө жыгач, үйлөмө жез аспаптардан турган бир беткей, ошондой эле аралаш болушу мүмкүн. Курамы эркектерден же аялдардан (сопрано, альт, тенор, бас) турган жана аралашма вокалдык квартеттер да болот; 2) 4 аспап же 4 ырчы үчүн жазылган музыкалык чыгарма. Аспаптык квартетте негизинен ансамблдик-камералык музыка басымдуу орун ээлейт. Алар көбүнчө соната түрмөгүндө жазылган чыгармалар. Айрым операларда, ораторияларда да квартеттер кездешет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]