Кварц

Википедия дан
Кварц.

Кварц – тоо тек пайда кылуучу эң кеңири таралган минерал. Химиялык формуласы SiO2. Гексагон жана тригон системасында кристаллданат. Өңү-түсү ар түрдүү. Көбүнчө түссүз, тунук, ак, сүттөй ак, боз, бозомук каралжын, кызгылтым жана башка Түссүз тунук түрү – тоо хрусталы, кызгылтым көгүшү – аметист, тунук эмес бозомтугу – раухтопаз, каралжын түстүүсү – морион, алтын сыяктанган саргычы цитрин деп аталат. Курамында киринди түрдө актинолит же хлорит кездешсе, жашыл түскө өтүп кетет. Аны празем, слюда же гематит болсо – авантюрин, кристаллсыз түзүлүштөгү түрлөрү – агат же халцедон деп аталат. Бардыгы айнектей жалтырайт. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 7. Салыштырма салмагы 2,65. Гидротерм процессинде кен таш тарамдарын пайда кылат. Радиотехника, акустика, оптикада, карапа менен айнек жасоодо, кооз таш катары зергерликте, курулушта колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]