Квершлаг

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Квершлаг – жер бетине чыгууга түз жол жок болгон учурда, узатасынан созулуп жаткан кен катмарды бойлой кеткен, тоо тектерде жүргүзүлгөн казма. Түз же эңкейиш казылат. Кен катмарына барып такалат же кесип өтөт. Квершлаг кенди казып алуу, ташуу, жумушчулардын ары-бери жүрүшү, шахтанын ичин желдетүү, жер астындагы сууларды агызуу үчүн колдонулат. Кенди толук казып бүткөнчө ар кандай кырсыктардан сактануу үчүн жыгач, темир, темир-бетон, бетон тирөөчтөр менен бекитилет.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]