Кедрина Зоя Сергеевна
Кедрина Зоя Сергеевна [18 (31). 8. 1904, Москва – 1998, ошол эле жер] – адабиятчы, филология илимдеринин доктору (1974), сынчы, котормочу. Москвадагы Горький атындагы Дүйнөлүк адабият институтун (1938) бүтүргөн. Адабий сынчылык ишин 1930-жылдары казак адабияты боюнча макала жазуудан баштаган. З. Кедринанын орус жана СССР элдеринин адабиятынын ар кыл маселелерин изилдөөгө арналган китептери, 300дөн ашуун адабий-сын макалалары жарык көргөн. Ал кыргыз адабияты менен адабият таануу илиминин айрым маселелери жана Ч. Айтматов, Т. Сыдыкбеков, А. Осмонов, Т. Касымбеков жана башка акын-жазуучулардын чыгармачылыктары тууралуу ондогон макалалардын автору. Өзбек ССРинин Бируни атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты (1970). Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган. Эмгектери: Мухтар Ауэзов. М., 1952; Литературно-критические статьи. М., 1960; Главное – человек. М., 1972.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9