Кеймада-Гранди

Википедия дан

Кеймада-Гранди — Бул арал Бразилиядан 35 чакырым алыстыкта жайгашып, бейиштеги жердей көрүнөт. Бирок аталган аралга барган турист өмүрү менен коштошуп калышы ыктымал, анткени бул жер уулуу жыландарга жык толгон. Аянты 0,43 гана чарчы чакырым болсо, 4 миңдей жылан жашайт. Алардын ичинен эң кооптуусу - арал ботропсу. Анын уусу башка чаар жыландар тукумундагылардан 5 эсе күчтүү. Ал чагары менен ткандар жансыз боло түшөт, андыктан Бразилия бийлиги Кеймада-Гранди аралына барууга тыюу салган. Эл арасында Жылан аралы деген атка конгон.

Эскертүүлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Калып:Brazil-geo-stub