Кек
Көрүнүш
Кек (англисче cake – катуулануу) – суспензияны чыпкалоодон чыккан катуу бөлүкчөлөр же кенден, ошондой эле өнөр жай продуктуларынын баалуу компоненттерин эритип алгандан кийин калган калдык. Анда 12–20% ным болот. Суусу сарыктырылып, катуу абалга чейин кургаткандан кийин гана жер семирткич катары пайдаланылат. Эгерде комитетин курамында уулуу заттар (мисалы, оор металлдар) арбын болсо, көмүлүп салынат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9