Келдиев Николай

Википедия дан

Келдиев Николай (1955-ж. туулган, Кызыл-Ой кыштагы) - жогорку категориядагы мугалим, жетекчи кызматкер.

1976-ж. Кыргыз мамлекеттик университетинин механика-математикалык факультетин бүткөндөн кийин Фрунзе орто мектебинде математика мугалими болуп ишке орношкон.

1986-95-жылдары Фрунзе мектебинин тарбия иштери боюнча директордун орун басары, директору, «Кызыл-Ой» бириккен чарбасынын төрагасы болуп иштеген. Учурда Түркмөн орто мектебинде математика мугалими болуп эмгектенүүдө. Грамоталар, дипломдор менен сыйланган. Кожотай уруусунан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9