Келишкен миң күн

Википедия дан

"Келишкен миң күн" (англ. A Thousand Splendid Suns) — ооган-америкалык жазуучу Халид Хоссейнинин 2007-жылы чыккан романы. Бул анын эң көп сатылган 2003-жылдагы "Батперек учургандар" дебютунан кийинки экинчи чыгармасы. Мыйзамсыз никеден жарык дүйнөгө келген Мариям туулганы боюнча уяткарылып жапа чегет жана турмушунун аягына чейин кор мамилеге туш болот. Бир муундан кийин төрөлгөн Лайла Мариям менен жолу кесилишкенге чейин өз жаштыгын бир топ эле артыкчылыктуу жашап өтөт. Лайла Мариямдын жолдошу Рашиддин үйлөнүүгө мажбурлоосуна кабылат.

"Батперек учургандардан" айырмалап, Хоссейни бул чыгармасын "эне-кыз окуясы" деп белгилеген. Мурдагы чыгармасын болсо ал "ата-уул окуясы" деп атаган болчу. Бул китепте мурдагы чыгармадагы айрым темаларга, мисалы үй-бүлөлүк аспекттерге токтолгону менен бирок аял каармандардын жана алардын ооган коомундагы ролдору баса белгиленет.

"Келишкен миң күн" 2007-жылдын 22-майында жарык көрүп, Kirkus Reviews, Publishers Weekly, Library Journal жана Booklist тарабынан басылып чыкканга чейин оң ой-пикирлерге ээ болгон. Басмаканадан чыккандан кийин китеп New York Times гезитинин бестселлер тизмесинен 15 апта катары менен түшкөн эмес. Базарга чыккандан кийин бир аптанын ичинде эле бир миллиондон ашуун нускасы сатылган. Columbia Pictures компаниясы тасмага тартуу укуктарын 2007-жылы сатып алып, китептин тасмага ылайыкташтырылышы тууралуу маалыматтарды ырастаган. Китеп театрга ылайыкташтырылып, бет ачары 2017-жылы 1-февралда Калифорния штатынын Сан Франциско шаарындагы Америка консерваториялык театрында болуп өткөн.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Каармандары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]