Кемаль аль-Мольк

Википедия дан

Кемаль аль-Мольк аты менен белгилүү болгон Мухаммад Гаффари ирандык таланттуу сүрөтчү болгон. Ал 1847-жылы жарык дүйнөгө келип 1940-жылы 18-августта жарык дүйнө менен кош айтышкан. Ал Ирандагы заманбап сүрөт көркөм өнөрчүлүгүнүн тарыхындагы, эң бир талантуу эң бир белгилүү сүрөтчүлөрүнүн бири болуп эсептелет. Ал белгилүү сүрөтчү Сани Аль Мольктун инилеринен болгон. Ал Кашандагы абдан белгилүү өнөрпөз үй бүлөөдө жарык дүйнөгө келген. Ал бала чагынан сүрөт тартууга каллиграфия жана живописге болгон кызыкчылыгы артып, өз бөлмөсүнүн дубалдарына ажайып кооз сүрөттөрдү тарта башатаган. Гаффари башталгыч мектептен билим алган соң, улуу агасы менен бирге Тегеран шаарына барып, окуусун Дара аль-Фунун окуу жайынын сүрөт тартуу бөлүмүнө тапшырып, ошол заманда Европа сүрөт көркөм өнөрүн терең билген жана ошол замандын абдан белгилүү инсандары Мозайен ад-Давладан сыяктуу көөнөрбөс талантуу устаттардан билим алган. Аталган окуу жайда үч жыл билим алган соң Насиреддин шах ал окуу жайга расмий сапар менен барып калат да Камаль альМольктун эмгектерин жактырып аны өзүнүн хан сарайына чакырган. Ал окуп жүргөн маалда аны Мирза Мухаммад Каши дешкен жана ал өзүнүн жаш курагына карабай өзүнүн көөнөрбөс таланты менен элдин көңүлүн өзүнө бурган.

Төрөлүшү жана үй бүлөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Душантаппе айылы
  • Мухаммад Гаффари Кашан шаарындагы белгилүү өнөрпоздун үй бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген жана Сани аль-Мольк макам аты менен белгилүү болгон, Кажар доорундагы перс булуңунда билим алган биринчи ирандык, беделдүү жана таланттуу сүрөтчү Мирза Абул-Хасан Гаффаринин иниси болгон. Гаффари баштапкы билимин өзү туулуп өскөн жердеги мектепте алган. Анын атасы Мирза бозорг да таланттуу жана улуу сүрөтчү, уулунун талантын колдоп, аны окуусун улантуу үчүн Тегеран шаарына жөнөткөн. Ошентип Камаль альМольк жогорку кызматты ээлеген Мофтах альМольктун карындашына үйлөнүп, натыйжада алар Насрат атту кызы менен Хосейин Али Хан аттуу уулду болушкан.

Тегеран шаарына барышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кемаль аль-Мольк улуу агасы менен бирге Тегеран шаарына барып, окуусун Дара аль-Фунун окуу жайынын сүрөт тартуу бөлүмүндө улантат, ал ошол замандаггы Европа сүрөт көркөм өнөрүн терең билген, абдан белгилүү Мозайен ад-Давладан сыяктуу белгилүү жана талантуу устаттардан билим алган. Ал агасы экөө тең аталган окуу жайда үч жыл билим алып, аны ийгиликтүү аякташкан. Ал эми үчүнчү жылды аяктап жаткан маалда Насиреддин шах ал окуу жайга расмий сапар менен барып калат да Камаль аль-Мольктун эмгектеринин ошол эле окуу жайдын жетекчиси Эттесад ас-Салтаненин Мухаммад Гаффари тарабынан тартылган портретин көрүп, жактырып аны өзүнүн хан саранына чакырган.

Кажар хан сарайдын сүрөтчүсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мухаммад Гаффари алгач Кажар хан сарайында Хан аты ыйгарылган жана андан соң ага өзгөчө хан сарайдын кызматчысы аты ыйгарылган, бирок көп өтпөй Насиреддин шах анын эмгектеринен таасир алып, өзүн анын шакирти катары эсептеп, аны кайрадан алгач Сүрөтчүлөр башы кылып андан соң Кемаль аль-Мольк лакап атын ыйгарган. Кемаль аль-Мольк хансарайда иштеп турган чакта болжол менен 170 эмгек жараткан жана алардын эң белгилүүлөрү азыркы тапта Күзгү залында көргөзмөгө коюлуп, “Камаль аль-Мольк” деген кол алгачкы сүрөттөргө коюлган. Ошентип Насиреддин шах өлгөндөн кийин Кемаль аль-Мольк Европага кеткен. Ал 1897-жылы үч жылдан ашык убакыт Флоренсияда андан соң Рим, Парижде да болгон. Ал музейлерде белгилүү сүрөтчүлөр Рембрандт менен Тисиндин эмгектерине изилдөө жүргүзүп, аларды терең окуп, изилдеген. Ал эми Праижге барганында таланттуу сүрөтчү Фантен Латур менен таанышкан. Ал эми Европага болгон сапарынан абдан мыкты таасир алып, дүйнөгө болгон көз карашы, сүрөт дүйнөсүндө болгон көз карашы жана ички дүйнөсү өзгөргөн. Ошентип ал 1900-жылы Музаффареддин Шахтын буйругу менен өз мекенине кайтып келген, бирок тилекке каршы жаңы шах менен тил табышып иштеп кете алган эмес. Андан соң Иракка барып, бир нече жыл ал жакта жашаган. 1902-1905-жылдары ал жактан “Багдаддын алтын пардалары” жана “Кербела аянты” сүрөттөрүн тарткан.

Иранга кайтып келүүсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кемаль аль-Мольктун Иранга кайтып келүүсү Ислам революциясына дал келген. Ал конституционерлерди жактаганы менен революциянын жеңиш майрамына түздөн түз катышкан эмес. Бул маалда Кемаль аль-Мольк азаттыкты сүйүүчү белгилүү француз жазуучулар Жан Жак Руссо жана башкалардын макалалары менен эмгектерин которуу менен алек болгон. Андан кийинки жылдарда Кемаль альМольк көркөм өнөр мектебине жеткечи болуп шайланып, ал жакта бир гана сүрөт көркөм өнөр эмес, кол өнөрчүлүк – килем токуу, мозаика, жыгачтан оюу түшүрүү жана башка өнөрлөрдүн түрлөрүн окутуп, ийгиликтүү жетектеген. Ал өзүнүн байлыгынын көбүн муктаж окуучуларга жумшаган жана анын мектебинен 20-кылымдагы абдан белгилүү жана таланттуу сүрөтчүлөр чыккан. Ошентип жигердүү ишмердүүлүк менен мектептин мугалимдеринин жардамы менен аталган мектепти көз карандысыз мектепке айлантуу аракетин кылган. Аталган максатынын нактыйжасында, билим берүү министрлигинин каршы болушу менен иштеген иши жана мамлекеттик адис деген макамынан кол жууп, (1927-жылы) өзүнүн Нишапурдагы Хосейин Абад кичи мекенине көчүп кеткен. 1928-жылы кандайсыр бир белгисиз окуянын негизинде бир көзү көрбөй калат; бирок өмүрүнүн акырына чейин сүрөт тартуу менен алектенген. Ал эми көзү көрбөй калган тууралуу окуя боюнча ар кандай маалыматтар тараган. Кемаль аль-Мольктун досу Салар Моттамад Генжи мончо жумушчусун көздөй кышты ыргытканда ал кыш Кемаль альМольктун көз айнегине тийген деп айтылат.

Өмүрүнүн акыры[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мухаммад Гаффари (Кемаль аль-Мольк) 1940-жылы 18 августта саат түшкү 2лерде 95 жаш курагында небересинин үйүндө жарык дүйнө менен кош айтышкан. Ал өзүн Хосейин Абадда жайгашкан өзүнүн бакчасына коюп, ал жер анын досторунун менен күйөрмандары эс алуучу жай болсун деп насаат калтырган, бирок тилекке каршы кандайдыр бир себептер менен Шейх Фаридаддин Аттар Нишапуриде сөөгү жерге берилген.

Кемаль аль-Мольктун стили[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кемаль аль-Мольк өзүнүн ишкердүүлүгүн баштагандан тартып эле европалык натурализмге абдан жакын болгон. Ошентип Кемаль аль-Мольктун келиши менен хан сарайдагы сүрөтчүлөргө жаңы стиль, жаңы маселе жаралган. Ал эми Кемаль альМольк өзү окуяларды, портреттерди, имараттарды жана башкаларды ошол негизги сүрөттүн так өзүндөй кылып тартып, жөнөкөй жашоонун чөйрөсүндөгү тарыхый өзөктү чагылдыра алган. (Милсалы: “Капаска түшкөн чымчык, кумара жана жаны жок табият” (1894-жыл) мындай ой толгоо жана көөнөрбөс талант менен Кемаль аль-Мольк Европага барган. Анын максаты, балким анын техникалык билимин жогорулатуу болгон. Ал эми ал европанын музейлериндеги Ренессанс жана Барокконнун эмгектерин көрүп суктана таң калган. Логикалык жактан карасак, Кемаль альМольктун маданият, эс тутум жана өнөрчүлүк даярдыгы, импрессионизм жана пост-реципиентик түшүгү жок болгон. Бирок Ренессанс эстетика классицизм жана Рембранттын, жана башка атактуу сүрөтчүлордүн сүрөт өнөрчүлүк таланты ага абдан түшүктүү болгон эмес, а бирок ал өз билимин жогорулатып, көп изилдеп, алардын баарын түшүнгөн. Ал негизинен портреттерди жана пейзаждарды тарткан; “Сайид Насраллах Тагави” жалгыз адамды тарткан портреттеринде өзүнүн көөнөрбөс талантын көрсөтө алган. Кемаль альМольк сүрөтчү жана устат катары өзүнүн аракети менен коомдун социалдык жана маданий катмарынын купулуна толгудай боло алды. Мындай күч аракеттердин натыйжасында, өзүнүн адеп ахлагы, касиеттери, жашоо турмушу менен элдин алдында көөнөрбөс таланттуу сүрөтчүгө айланган. Кемаль альМольктун эмгектерин натыйжасында 200 жылдык Иран менен Европанын салттык интеграциясы акырына чыгып, евпропаны нетуралисттик салты академиялык искуссвтво катары өзүнүн мүнөздүү бөтөнчөлүгү катары калыптанган.

Кемаль аль-Мольк сайты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Окшош издөөлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кемаль аль-Мольктун мавзолейи
  • Кемаль аль-Мольктун (тасма) “Кемаль альМольктун өмүр баяны” Али Хатеми тарабынан тартылган тасма.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]