Кемирүүчү

Википедия дан
Кемиргичтер‎»‎ барагынан багытталды)
Sciurus vulgaris

Кемирүүчүлөр (лат. Rodentia) – сүт эмүүчү жаныбарлар түркүмү. Дене узундугу 5–130 смге, салмагы 5 кгдан 60 кгга жетет. Алдыңкы буттары 5 же 4 манжалуу, арткысы 3–4–5 манжалуу. Ортоңку 2 жуп кашка тиши курч, чоң, дайыма өсүп турат. Катуу өсүмдүктү майдалайт. Кылкыйма тиштери жок. Кемирүүчүлөр бардык табигый аймактарда таралган. КМШ өлкөлөрүнүн фаунасындагы сүт эмүүчүлөрдүн жарымынан көбүн түзүп, ар түрдүү жана көп санда мелүүн жана субтропиктик алкактардын, айрыкча кургакчыл аймактардын түзүлүшү ийин казууга, сүзүүгө, кош буттап жүрүүгө (кош аяктар), жармашууга жана учууга (учкуч тыйын чычкан) ыңгайланган, кемирүүчүлөр – тукумчул жаныбарлар. Тиричилигин жер үстүндө (жарганаттар, келестер жана башка), жер астында (буроо баш, сокур момолойлор жана башка), сууда (куну, ондатра жана башка), даракта (тыйын чычкан, барак куйрук чычкан жана башка) жана жерде өткөрөт. Алардын ийин казуусу кыртыш пайда кылууга чоң таасир тийгизип, өсүмдүктүн түшүмүн жогорулатат. Азыркы жашаган кемирүүчүлөр 3 түркүмчөгө: тыйын чычкан сымалдар (куну, келестер жана башка), чүткөр сымалдар (дарак чүткөрү, доңуз чычкан, суу доңузчасы жана башка) жана чычкан сымалдар (барак куйрук чычкан, кош аяк, аламандар жана башка) бөлүнөт. Көп түрү талаа жана токойлуу талаада жашайт. Көпчүлүгү өсүмдүк, курт-кумурска, айрымдары балык менен, кээ бири ылгабай азыктанат.

Жер жүзүндө 2000дей түрү бар. КМШ өлкөлөрүндө 14–15 тукуму, 150гө жакын түрү, Кыргызстанда 31 түрү кездешет. Көпчүлүк кемирүүчүлөр адам үчүн коркунучтуу оорулардын козгогучун алып жүрүшөт. Кээ биринин териси өтө баалуу (куну, тыйын чычкан, ондатра жана башка).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]