Кемитүү

Википедия дан

Кемитүү – кошууга карама-каршы амал. Кемитүүнүн негизинде бир тектүү эки чоңдук боюнча ошол тектеги үчүнчү чоңдук аныкталат. Кемитүү – белгиси менен белгиленет. Чыныгы сандардын көптүгүндө кемитүү а – b=d, мында а, b – чыныгы сандар, а – кемүүчү, b – кемитүүчү, d – айырма. Эгер а > b болсо, d – оң сан, а< b болсо, d – терс сан болот. Комплекстүү сандардын көптүгүндө (а+bi) – (c+di)= (a–c)+(b–d)i. Кемитүү векторлорго, тензорлорго да колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]