Кемсел
Көрүнүш
Кемсел – аялдардын жана эркектердин жука сырт кийими. Ал таардан, кездемеден, баркыттан жасалат. Тизеге жетип тургандай бычылып, жеңи узун же чолок келет. Ичи жука кездеме менен астарланат. Учурда жалаңкат же ичтелген, өңүрү, этек-жеңдери саймаланып кооздолгон кемселдин түрлөрү кеңири тараган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9