Кенаф

Википедия дан

Кенаф (латынча Hibiscus cannabinus L.) – өсүмдүктөрдүн гүлкайырлар тукумундагы бир жылдык чөп. Өзөк тамырлуу, жерге 1,5–2 м кирип, тарамдалып өсөт; сабагы (бийиктиги 5–6 мдей) түз, бутактанат. Жалбырагы ири тарамдуу, жалбырак сабы узун. Гүлү чоң; ак, күрөң түстүү, мөмөсү беш уялуу, түктүү кутуча (ар кутучада 15–20 урук болот); 1000 уругунун салмагы 20–28 г. Кенаф күнөс, нымдуу, кара топурактуу жерде жакшы өсөт. Кытай, Индия, АКШда эгилет. Вегетация мезгили 125–145 күндүк Кенафтын кургак сабагында 16–21% була бар, андан таар, брезент, аркан, жип ж. б. жасалат. Уругунда 18–20% май (булгаары, самын, боёк жасоодо пайдаланылат) болот. Бакалынан кагаз жана курулуш тактасы даярдалат. Күнжарасы тоют, жер семирткич катары пайдаланылат. Илдеттери – боз чирик ж. б.; зыянкечтери: үкүчөлөр, кызылча канталасы ж. б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]