Кендирбаев Эшмуканбет

Википедия дан

Кендирбаев Эшмуканбет (туулган жылы белгисиз, азыркы Ысык-Көл облусу, Барскон айылы – 2. 2. 1938, азыркы Бишкек шаары) – Кыргызстанда Совет бийлигин орнотууга катышкан мамлекеттик ишмер. 1916-ж. Түркстан БКнын тапшырмасы жана Үркүндө Кытайга качып барып, кайра келген кыргыздарды жайгаштыруу боюнча жооптуу кызмат аткарган. Совет бийлиги орногондон кийин Каракол жана Пишпек шаарында ревкомдун төрагасы, Кара Кыргыз автономиялуу облусунун Жер иштетүү боюнча эл комиссары, Жети-Суу облусу аткомунун төрагасы болуп иштеген. Түркстан БКнын чечими жана 1921-ж. Ферганадагы басмачыларга каршы күрөшкө катышып, өнөкөт жүрөк оорусуна байланыштуу 1926-ж. кайра туулган жерине келген. Анын демилгеси жана Тамга кыштагында оорукана бөлүмү, Барскон кыштагында орто мектеп курулган. Кара Калпак АССРи түзүлгөндө (1932), ага айыл чарба башчысынын кызматы сунуш кылынган. 1936-ж. Ташкент шаарындагы пахта өстүрүү интунда илимий кызматкер болуп иштеген. 1937-ж. социал-туран партиясынын мүчөсү деген жалган жалаа жана камакка алынып, атууга буйрулган. 1961-ж. Кыргыз ССРинин Жогорку соту тарабынан толук акталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]