Кендо

Википедия дан

Кендо (жап. 剣道 ) – кылыччан же машыгуу боюнча япон таймаш өнөрү. Ал байыртадан эле, Токугава династиясынын мезгилинде (1603–1867) япон аскерлеринин даярдыгынын негизи болгон. Ошол учурда бүгүнкү күндөгү машыгуунун негизги түрлөрү (бамбук кылыч «шинай» жана жыгач «боккен»), ошондой эле коргонуу жабдыктары пайда болгон. Мейджинин (1868–1912) доорунда Японияда коомдон касталык бөлүнүү жоюлуп, кылыч алып жүрүүгө жана Кендо жана машыгууга тыюу салынган. 1895-ж. жалпы япон таймаш күрөштөрүнүн федерациясы, 1952-ж. Кендонун япон федерациясы түзүлүп, бул спорт түрү кайрадан жандана баштаган. Спорттук таймашта кылыч ышкыбозу серпилгич бамбуктан жасалган кылыч (таякты) кармап, башын, төшүн жана колун коргоочу атайын жабдыктарды колдонот. Каршылашынын денесине таамай тийгизген ыкмаларды аткаргандыгы үчүн упай топтойт. Учурда Кендо белгилүү спорт түрү гана болбостон, япон мектептеринде дене тарбия сабагынын өзөгүн түзөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]