Кененбаев Жолдошбай

Википедия дан

Кененбаев Жолдошбай – акын. Жети-Өгүз районунун Чычкан айылында 1940-жылы 2-январда туулган. Айылдагы жети жылдык мектепти, 1959-жылы Барскоондогу С.Орджоникидзе атындагы орто мектепти, 1961-жылы Фрунзедеги советтик соода техникумун аяктаган.

Техникумдун жолдомосу менен 1961-жылы Пржевальскидеги шаардык соода уюмунда эмгек жолун баштаган. Соода тармагында 40 жыл иштеп, «Советтик сооданын отличниги” наамына татыктуу болгон.

Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика факультетин сырттан окуп бүтүргөн.

«Социалисттик мелдештин жеңүүчүсү», «Эмгек ардагери», «Кыргыз-түрк элдеринин достугун чыңдагандыгы үчүн» төш белгилери менен жана бир катар грамоталар менен сыйланган.

Ысык-Көл облусунун өнүгүшүнө арналган чыгармачылык сынакта 4 жолу лауреаты болгон.

1996-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.


Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Түрк атанын балдары: Ырлар. – Каракол: Акыл, 1993. -103 б.

Ысык-Көлгө кут түштү: Ырлар жана поэмалар. – Каракол, Акыл, 1993. - 128 б.

Табият жана Шарият: Ырлар жана поэмалар. – Б.: Салам, 1995. - 124 б.

Окуу жана эмгек: Балдар үчүн. - Б.: Кутбер, 2009. - 358 б.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]