Кенесары хандын чапкыны
Кенесары хандын чапкыны - Кенесары Касымов башында турган казактардын Түндүк Кыргызстанга жасаган жортуулу (1846, 1847). Россия империясынын басып алуу саясатына байланыштуу Оренбург жана Сибирь чебиндеги орус аскеринин кысымына учураган К. Касымов 1845-жылдын күз айларында Чүй өрөөнүнө чегинген. Бул жактан 1846-ж. эрте жазда кыргыз манаптарына (Жантай, Жаңгарач) кат жолдоп, орустарга каршы бир колго биригүүгө чакырган. Кыргыз манаптары кеңешип, «жашы улуу, хандыкты Ормонго бер, калган ишти өзүң бил» деп жооп берген. Бирок казак элчилери кайтып бара жатып, жолдон жылкы уурдаган. Артынан кууган кыргыздар элчилерди кармап, Ормон ханга жеткиришкен. Ормон «булар элчи эмес, уруулар турбайбы» деп, кыргыздар кабыл алган мыйзамга ылайык кулактарын кесип, коё берген. Аны шылтоологон Кенесары хан ошондой эле жылдын март-апрель айларында Агыбай менен Букарбай башында турган 3 миң жоокерин кыргыздарга каршы аттандырат. Кыргыздар адегенде казактын колун тереңге киргизип, анан курчап алып, жок кылышкан. Бул салгылашууда казактан миң киши өлүп, 5 султан 2000 жоокери жана 2 замбиреги менен колго түшкөн. Мындан соң солто элинин атынан Тынаалы Чыны уулу кыргыз менен казакты ынтымакка чакырмакчы болуп, Кенесарыга барса, солтонун төкөлдөш уругунан Илип деген казактан тогуз байтал уурдап кеткен. Ага жооп кылып казактар Тыналыны туткунга алган. Абалдын курчуп бара жатканын көргөн манаптар Жантай менен Жаңгарач Кенесарыга элчи жиберип (Калыгул Алибек уулу), казактарды тынч турууга чакырган. Бирок чапырашты уруусунун баатыры Шоорук Кенесарынын кеңеши менен солтонун жылкысын чаап, Жаманкара баатырды элдешели деп, үч жолдошу менен алдап чакыртып, Кенесары ханга кармап берген. Хан анын эки бөйрөгүн оюп өлтүрткөн. Ошол эле жылдын күз айларында картайганына карабай, Жаманкаранын кунун кууган агасы Чыңгыш жанына Күрпүк менен Самакты алып, Шооруктун айылына кол салып, өзүн өлтүрүшкөн. Бул окуя Кенесарынын кыргыздарга жаңы жортуул уюштуруусуна шылтоо болгон. Жортуул учурунда Кенесары Мерке чебин курчоого алган. Чептин башчысы Мухаммедали датка согушуудан баш тартып, Кенесарыга «Кызылооз» деген күлүгүн тартуулап, багынып берген. Андан кийин таластык кыргыздарды чаап, Калча башында турган 200 кыргызды туткунга алган. Пишпек чебинин беги Алишер датка багынуудан баш таркан. Муну уккан Ормон хан Жантай, Жангарач, Ажыбек (Токтобай уулу), Төрөгелди, Боромбай, Балбай, жана башка менен кеңешип, согушка даярдык көрө баштаган. 1847-жылдын башында Кенесары колго түшкөн кыргыздарды бошотуп, Эсенгелди Саржан уулу баштаган элчилерин Ормонго 2-жолу жиберген. Ормон кайра эле «менин жашым улуу, хандыкты мага берип, өзүң акылдашып иш кыл» деген жообун берген. Ушундай шартта Кенесары хан кыргыздарды чабууга бел байлаган. Казактын кээ бир бийлеринин (Сыпатай, Байзак ж. б.) каршы болгонуна карабай, Кенесары кол алдына 10 миңден ашык жоокер, 2 замбирек, 1,5 миңден ашык мылтык жыйнаган. Экинчи чабуул 1847-жылдын 17–25-апрелинде болуп өткөн. Кенесары Тынаалынын жол баштатып алып, түнкүсүн келип, адегенде азыркы Кант шаарынын түндүгүндө жайгашкан Кара-Суудагы сарыбагыштардын айылына кол салган. Капысынан экенине карабастан кыргыздар ок-дарылары калбай калганча кармашып, Ормонбек, Субанбек деген баатырлар өлгөн, анын ичинде Калпак Стамбек уулу өзгөчө эрдик көргөзгөн. Мындан кийин Кенесары колун экиге бөлүп, Токмокту көздөй жөнөп, Чүй суусунун оң жагында Текеликтин (Кекиликтин) сеңири деген жердеги Май-Дөбөгө туусун тиккен. Бул учурда Ормон хан Ысык-Көлдөгү Байсоорунда кол жыйнап жаткан. Жантай менен Жангарач башында турган Чүйдөгү солто менен сарыбагыштар казактар менен кармашып, Кенесарынын баласы Жапарды колго түшүрүп алышкан. Үч күндөн кийин керней-сурнайын тарттырып Ормон келгенде Кенесары: «Сыйырча мөөрөгөн не?» десе, жанындагы Байзак; «Ханым, сиз кыргыздын чабагы менен чабышып жаткансыз, жаяны эми келди» деп түшүндүргөн. Ормон кол башчылыкты өз колуна алып, түнкүсүн кыр-кырларга алоолонтуп от жактырып, жер жаййнаган аскер келип калгандай сүр көрсөткөн. Күндүзү тал, караган-чычырканакты атка сүйрөтүп, адыр аралай, кыр ылдый өйдө-төмөн чапкылаган жигиттер уюлгуган коюу чаң чыгарып, түмөндөгөн кол топтолгондой түр көрсөтүп, жоонун жүрөгүнүн үшүн алган. Казактардын көбү чабуул башталганда эле качып, жер өңүтүн билбегендиктен Мыкандын сазына чөгүп кеткени да көп болгон. Агыбай баатыр баштаган азыраак гана казактар аман кутулган. Казак жактан бардыгы миңден ашык киши (анын ичинде төрө тукумунан 32) курал-жарактары менен туткунга түшкөн. Кенесарынын жибек чатыры жана өздүк мылтыгы да колго түшүп, алар кийин Бүткүл россиялык көргөзмөгө коюлган. Кенесары менен анын иниси Ноорузбайды Алмалуу-Сай деген жерден Дайырбек, Жалбай, Калча Атамбековдор колго түшүрүп алышкан. Кенесарынын колун жеңгени үчүн кыргыздардан 12 белгилүү киши орус бийлиги тарабынан ар кандай медалдарга татыктуу болушкан. Кенесары хандын чапкынында кыргыздардан Шамен Куттуксейит уулу, Адыл Субан уулу, Үмөтаалы, Чаргын Ормон уулдары, Төрөкелди баатыр, Алыбек Кетирекей уулу, Кебек мерген, Ботаалы Назар уулу сыяктуу баатырлар өзгөчө эрдик көргөзүшкөн.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Абдырахманов Ы. Казак, кыргыз окуясы. //Кыргызстан тарыхынын маселелери № 1, 2007;
- Алихан Букейхан (Степняк). Материалы к истории султана Кенесары Касымова (воспоминания кара-киргиза Калигуллы Алибекова о последных днях Кенесары) //Кыргызстан тарыхынын маселелери № 4, 2006;
- Бекмаханов Е. Казахстан в 20-40 годы XIX в. А.-А., 1947;
- Касымбаев Ж. Последний поход хана Кенесары и его гибель (декабрь 1846 – 1847 г.г.). А., 2002; Кенесарин А. Кенесары и Садык. Таш., 1889;
- Махаева А. Казак-кыргыз саяси байланыстарынын тарихы (XVIII к. экинши жарымы – XX к. башы), А., 2007;
- Солтоноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы. Т. 1–2. Б., 1993.