Кенжаев Махамаджан Гуламович

Википедия дан

Кенжаев Махамаджан Гуламович (4. 5. 1949-жылы туулган, Өзбекстан, Анжиян облусу, Коргон-Төбө району, Токтогул айылы) – хирург, медицина илимдеринин доктору (2002), профессор (2004), Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосунун отличниги (1995). Кыргыз Мамлекеттик Медицина институтнун (1976), ошол эле жерде аспирантураны (1981) бүтүргөн. 1981–97-жылдары Кыргыз Мамлекеттик Медицина институтунда ассистент, доцент, 1997-жылдан Жайыл райондук ооруканасында хирургия бөлүмүнүн башчысы. 2000-жылдан кайрадан Кыргыз Мамлекеттик Медицина институтунда доцент, профессор 2006–08-жылдары ошол эле жерде декан, проректор. 2009-жылдан Кыргыз Мамлекеттик Медицина институтунун медициналык борборунда директордун орун басары болуп иштейт. Хирург. гастроэнторология жана паразитология тармагы боюнча адис. 70тен ашык илимий эмгектин, анын ичинде 4 монографиянын автору. Эмгектери: Диагностика и хирургическое лечение эхинококкоза и профилактика его рецидива. Б., 2001; Современные подходы к хирургическому лечению паховых и послеоперационных вентральных грыж. Б., 2008.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]