Кенжеев Токтогул

Википедия дан

Кенжеев Токтогул 1936-жылдын 20-мартында Кара-Кулжа районунун Алайкуу өрөөнүндөгү Кан-Коргон кыштагында туулган. 1953-жылы Токтогул атындагы мектепти бүтүргөн.

1958-жылы Жалал-Абаддагы зооветеринардык техникумду аяктап, Алайкууда мал доктор болуп иштеген. 1954–1964-жж. Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүндө Лениндик стипендия менен окуп окуу жайын кызыл диплом менен аяктаган. Төрт жыл мектепте сабак берген.

Журналисттик кесиби боюнча 1968-жылдан облустук «Ленин жолу» гезитинде бөлүм башчы, 1976–1997-жж. Ош облустук телерадио комитетинде 21 жыл башкы редактор болуп иштеген. 1999-жылдан «Ош шамы» гезитинин кызматкери болуп иштеп келет.

1957-жылы «Ала-Тоо» журналына ыр топтому жарыяланып, ошондон баштап республикалык, облустук басма сөздөрдө чыгармалары жарыяланып келген.

2005-жылы «Бизнес болдук» аттуу трагикомедиясы С.Ибраимов атындагы Ош улуттук кыргыз драма театрында коюлуп, аймактык театр фестивалында актуалдуу темасы үчүн лауреаты болгон.

1987-жылы ага “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” наамы берилип, Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы менен сыйланган.

1972-жылдан Журналисттер союзунун, 1996-жылдан Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү.


Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Баатырдын бийик жылдызы: Очерк. – Ф.: Кыргызстан, 1973.

Эмгек тартиби – ийгиликтин өбөлгөсү: Публицистика. – Ф.: Кыргызстан, 1984.

Ариет жолу: Ырлар, поэма. – Ош: Жазуучулар союзунун облустук бөлүмү, 1996.

Ата жыты: Прозалар жана комедия. – Б.: Бийиктик, 2004.

Аманат дүйнө бул жалган: Ырлар, поэмалар. – Ош: Жазуучулар союзунун облустук бөлүмү, 2006.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]