Кенже илимий кызматкер

Википедия дан

Кенже илимий кызматкер – СССРде илим изилдөө мекемелериндеги кызмат орду 1942-жылы киргизилген. Кенже илимий кызматкер конкурс менен кабыл алынат. Конкурска жогорку билимдүү же кандидаттык илим даражасы, өз адистиги боюнча бир жылдан кем эмес стажы бар адамдар гана катыша алат. Кенже илимий кызматкер лабораториянын, сектордун, бөлүмдүн планы боюнча илимий иш жүргүзөт. Кенже илимий кызматкер илимдин кандидаты болсо, өз алдынча тема боюнча иштеп, кызматкерлер тобуна жетекчилик кылат. Ар бир үч жылдан кийин кенже илимий кызматкер жаңы мөөнөткө шайланат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004