Кенотрон түзөткүчү

Википедия дан

Кенотрон түзөткүчү - өзгөрмө токту туруктуу токко айландыруучу электрондуу өзгөрткүч.

Ал кенотрон жана эки трансформатор, текшилөөчү чыпкадан турат. Трансформатордун чыңалууну жогорулатуучу бөлүгү кенотрондун аноддук тизмегин жана катодду азыктандырат. Көп учурда жалпы өзөккө оролгон айрым оромдордон турган бир эле трансформатор колдонулат. Текшилөөчү чыпка көп учурда төмөнкү жыштыктагы индукциялык түрмөктөн жана конденсатордон чогултулат да, туруктуу токтун (чыңалуунун) өзгөрмө түзүүчүсүн азайтуу үчүн колдонулат. Жөнөкөй чыпка жалаң эле конденсатордон түзүлүп, тышкы энергия керектегичтерге жарыш туташтырылат. Кенотрон түзөткүчү өзгөрмө токтун жарым мезгилин жана толук мезгилин түзөткүдөй болуп жасалат. Төмөнкү жана орточо чыңалуудагы Кенотрон түзөткүчү аз кубаттуулуктагы радио кабыл алгыч жана бергичтерде, телекөрсөткүчтөрдө, электрондук өлчөгүч приборлордо жана автоматтык башкаруу жана жөндөө түзүлүштөрүндө колдонулат, жогорку чыңалуудагы Кенотрон түзөткүчү рентген аппараттарында, импульстук генераторлордо, материалдын электр бышыктыгын сыноочу аппараттарда ж. б. пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.