Кентербери

Википедия дан
Кентербери (2008).

КентербериУлуу Британиянын түштүк-чыгышындагы шаар. Кент графтыгынын аймагында. Англикан чиркөөсүнүн башчысынын резиденциясы. Калкы 49,4 миң (2008).

Римдиктер тарабынан 1-кылымдын 2-жарымында чеп катары негизделген. Ыйык Августин аббатчылыгы (6–11-кылымдар; өлкөдөгү эң байыркы), Ыйык Мартин чиркөөсү (12-кылым; Рим курулуштарынын калдыктарын камтыйт), кафедралуу эң зор епископ собору (1075–77, шаардын үстүнөн көтөрүлүп чыгып турат; узундугу 160 м) Бүткүл 6үйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген. Бул собордо архиепископ Т. Бекет жана принц Эдуард (Кара принц) ж. б. сөөгү коюлган. Орто кылымда Кентербери китеп миниатюрасынын борборлорунун бири болгон. Кент университети (1965), Королдук музей (1858; сүрөт галереясы), К. Марло театры бар. Булгаары, тамак-аш, электр-техникалык жана полигр. өнөр-жай ишканалары иштейт. Туризм өнүккөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]