Кен издөө жана чалгындоо
Кен издөө жана чалгындоо – кен орун алган жерди таап, анын өнөр-жайлык маанисин толук аныктоо үчүн жүргүзүлүүчү геологиялык иштер. Адегенде кенди изилдейт, андан кийин аны чалгындайт. Кен издөөдө кен орун алган аймактын геологиялык түзүлүшү изилденет. Кенди издеп таап, анын келечектеги мааниси такталат жана төмөнкү геологиялык иштер жүргүзүлөт: 1) кен белгилери бар аймакты толук изилдөө, кендердин топтолушун бөлүү. Чакан жана ири кендерин ажыратуу; 2) биринчи этапта жүргүзүлгөн иштердеги маалыматтарга таянып, кен аз же көп топтолгон жерлердин геологиялык түзүлүшүн, кендин түспөлүн, курамын, көлөмүн так аныктоо. Кен чыккан жердин геологиялык картасын түзүү. Кенге мүнөздүү өзгөчөлүктөрдү изилдөөнөр Геофизикалык, геохимиялык ыкмалары жана өлчөмүн билүү. Кен чачындысын аныктоо. Айланасындагы кумдарды чайкап (шлих алуу), кандай элементтер кездешерин тактоо. Тоо тектерин, андагы кендердин орун алышын, таралышын, жер бетине чыгып калышын аныктоо. Геофизикалык, геохимиялык ыкмалар жана табылган өлчөмдү текшерүү, кендин аз-көбүн, сапатын, көлөмүн билүү, тоо иштерин (канава, шурф, бургулоо көзөнөктөрү) ишке киргизүү. Кенди чалгындоодо геологиялык түзүлүшү, өнөр жайлык мааниси, өлчөмү, сапаты, көлөмү, тереңдиги, орун алуу шарты, казып алуу, ылгоо, эритүү ж. б. иштер жүргүзүлөт. Канава, шурф казылат. Тереңдикте штольня, шахта ж. б. тоо казмалары ишке киргизилет. Терең бургулоо, кенден сынамык алуу, курамын аныктоо, санын тактоо маселелери каралат. Чалгындоо иштери өз ичинен 3 баскычтан турат. Биринчи, алгачкы баскычта кендин жалпы өлчөмү, түрлөрү, түспөлү, курамы, ылгоо жана казып алуу шарттары такталат. Натыйжада кендин запасы эсептелет. Өндүрүшкө жарактуулугу билинет. Техникалык-экономикалык доклад (ТЭД) даярдалат. Жарактуу кендерди жакын арада казып алуу маселеси каралат. Мындан кийин дыкат чалгындоо иштери (экинчи мезгил, баскыч) жүргүзүлө баштайт. Кендин таралышы, түзүлүшү, орун алуу шарттары, казып алууда кездешүүчү физикалык касиеттери аныкталат. Изилденген кенге өндүрүштүк баа берилет. Казып алуу үчүн техникалык долбоор түзүлөт. Шахта, рудник сыяктуу мекемелер курулат. Үчүнчү баскычта пайдаланууга берилүүчү чалгындоо ишке киргизилет. Бул баскыч кен казып ала баштаган мезгилден казып алганга, башкача айтканда бүткөнгө чейин улантылат. Кен казып алуу иштерин тейлөөдө жана аны пландаштырууда геологиялык маалыматтарды берип турат. Кендин түзүлүшүн тактап, толук изилденбей калгандарын табат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9