Кен казуу системалары

Википедия дан

Кен казуу системалары - кен байлыктарды жер кыртышынан казып алууда колдонулуучу системалар; кен казуу, өткөөлдөө тартиби. Эгерде система так, туура, технологияга ылайык колдонулса, коопсуздук камсыздалып, кырсыктар болбойт. Экономикалык талаптар так аткарылып, кендер ысырапка учурабайт. Система кендин орун алган турпатына, чоңдугуна, өлчөмүнө, жайгашуу тартибине байланыштуу келет. Кен турпатына, формасына жараша катмарларга, тарамдарга, чачыранды түрлөргө бөлүнөт. Калыңдыгы бир нече ммден жүздөгөн мге жетет. Жайгашуу тартиби жантаюу бурчу жана аныкталат. Системаны тандоодо пайдалуу кендер жана жанаша жаткан тектердин физикалык-мехникалык касиеттери, жер астындагы суулар, газдар, чаңдар, газдар жана чаңдардын жарылуусу эске алынат. Өндүрүш процессинин механикалаштырылышы чоң роль ойнойт. Пайдалуу кендерди казып алгандан кийин жер астында боштуктар, көңдөйлөр пайда болот. Мындай боштуктардын тийгизген таасирине жараша Кен казуу системалары төмөнкүдөй үч түргө бөлүнөт. 1) казылып алынган боштуктардын арасында иштөө; 2) казылып алынган боштуктарды толтуруп иштөө; 3) казылып алынган боштуктардын үстүндөгү тектерди уратып иштөө. Катмарлуу кендерди иштетүүдө кендин калыңдыгы жана жантаюу бурчу эске алынат. Тегиз жаткан жука катмарлар узатасынан созулуп жаткан мамыча система жолу жана казылат. Калың катмарларда кабаттарга бөлүү же бөлбөй эле казып алуу системасы колдонулат. Чачыранды кендер жер бетинен орун алгандыктан, ачык жол менен казылып алынат. Эгерде жер кыртышынын терең бөлүгүнөн орун алса, мамы системасы колдонулуп, казылып алынган боштуктардын үстү уратылат. Өтө калың кен таштарды казып алып жатканда тоо тектерден тирөөч калтырылат, бекитүү, толтуруу, уратуу, кен ташты магазиндөө, комбинациялоо иштери жүргүзүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]