Кен таш калдыгын сактоо жайы

Википедия дан

Кен таш калдыгын сактоо жайы, хвостохранилище - радиоактивдүү, уулуу ж. б. заттардын калдыктарын сактоого ылайыкталган жайлар комплекси. Ал ишканалардан (тоо-кен, кендерди байытуу, атом станция- Майлы-Суудагы радиоактивдүү таштандыларды сактоо жайы. лары ж. б.) бир нече км аралыкта курулуп, ойдуңдарда ж. б. жерлерде жайгашат. Түрлөрү: түздүктү, карьердик (Кум-Төр), шахталык ж. б. Кен таш калдыгын сактоо жайында өтө уулуу заттар металл капсулаларында (челектерде), ал эми радиоактивдүүлөрү айнектелип же цементтелип, жер алдындагы жайларга көмүлөт. Мындай жайлар жер астындагы суулардан ж. б. чектелүү болуш керек. Эски Кен таш калдыгын сактоо жайлары курчаган чөйрөгө экологиялык кооптуулукту жаратышы мүмкүндүк Анткени андагы радиоактивдүү, уулуу ж. б. заттар чөйрөгө кандайдыр бир себептерден (табигый кырсык ж. б.) чыгышы мүмкүндүк Айрым учурда Кен таш калдыгын сактоо жайынын технологиялык таштандылары ири тоннаждуу сырьё да болот. Кыргызстанда Кен таш калдыгын сактоо жайлары Ак-Түз, Орловка, Майлы-Суу ж. б. жерлерде бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]