Кен таш тулкусу

Википедия дан

Кен таш тулкусу - кен таштын ар кандай түрдөгү турпаты. Кен таш жана ага жанаша орун алган тоо тектердин чек арасы акырындык жана же кескин өзгөрөт. Ошол себептен кен таштын турпатын так аныктоо бир топ кыйын. Мындай учурда сынамык алып, чек арасы такталат. Кен таш тулкусу. изометрлүү, жалпак, созулма келет. Изометрлүү турпаты минералдык заттардын бир жерге топтолушунан пайда болот, мисалы, шток, штокверк, уя. Кичинелери 1–3 мден ашпайт. Жалпак түрү – катмар, кабат, тарам, линза. Чөкмө кен таштар жөнөкөй жана татаал кабаттан турат. Татаалы тоо тектер жана аралашып кетет. Тарамдашкан тулку минералдык заттардын жаракаларга топтолушунан же мегасоматоз процессинен келип чыгат. Бир нече тарам биригип, кен таш мамысын түзөт. Линза – төө буурчак сыяктуу тулку. Эгер кен таш узатасынан созулуп жатса, с оз у л м а турпатка ээ болот. Тектоникалык жаракаларды бойлой орун алат. Жогорку температурадагы ысык магма, суу буулары, газдардын жарылуусунан жарылуу түтүгү орун алат, мисалы, Сибирь, Түштүк Африка алмаздуу кимберлит түтүгү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]