Кепич

Википедия дан

Кепич - кол булгаарыдан ултарылган бүчүсүз, боосуз бут кийим. Маасынын сыртынан кийилгенинен башы ичтелет да, четтери тарамыш менен кайылат. Ал бут кийимдерди ултаруу, үй буюмдарын тигүү үчүн малдын, көбүнчө, жылкынын жибек тарамышынан колдо чыйратылган жип керек. Жаны союлган малдын тарамышы кургагандан кийин эки жыгачтын ортосуна салып, жанчып жумшартат да, бирдей таралып, тигилүүчү буюмга жараша жоон же ичке чыйратыла эшилет. Кээде буюмду тигүүдө тарамышка төөнүн чуудасы кошулат. Кийимдин апкыты катуу болсун үчүн арасына жука жыгач салынат. Таманы анча бийик эмес өкчөсү жыгач мык менен ич таманга бекитилет. Өтүкчүлөр кепич жеңил болсун үчүн такасынын ичин көңдөй кылып да ултарышкан. Жигиттердин жана кыз-келиндердин кепичтери шири жана көн буюмдары сыяктуу ар кандай оюм-чийим менен кооздолгон. Кепич өтө бышык бут кийим болуп саналат.


Маалыматтын булагы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)