Кептеш
Көрүнүш
Кептеш – өрөөндүн же капчыгайдын эки тарабы кууш, тар жери. Дөңсөөлүү аймактарда жана түздүктөрдө жаан-чачын сууларынын эрозиясынан пайда болот. Капталдары жантайыңкы келип, акырындап жайык, бир аз күдүрлүү таманга өтөт. Кыргызстанда Кептештер арбын, Ат-Башы кептеши, Көкөмерен кептеши ж. б.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9