Кептѳѳ
Кептѳѳ - чылгый териден шири идиштерди жасоо ыкмасы. Тоборсуган чылгый тери жасалуучу идишке ылайыктап бычылып жана тигилип, оозуна тегерек алкак бекитилип, ичине жумшак топурак шыкай толтурулуп, тиешелүү түргө келтирилген. Ал тоборсуган соң бетине калемдей мукур учталган катуу жыгач сындырык менен түрдүү оймо-чийме түшүрүлүп кооздолгон. Абдан кургатып 3-5 сутка ышталгандан кийин шири идиш даяр болгон.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- О.Каратаев, С.Эралиев. Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк. Бишкек. "Бийиктик" - 2005-ж. ISBN 9967-13-159-4