Кептөөр

Википедия дан

Кептөөр, дифтерия – көмөкөй жана коконун былжыр челин сезгендирип, түрдүү органдарды жабыркатуучу катуу кармаган жугуштуу оору. Тамакта катуу өңөр пайда болуп, организмдин жалпы уулануусу байкалат. 4–6 жаштагы балдар ооруйт. Аны Кептөөр таякчасы козгойт. Козгогуч суукка, кургакчылыкка байымдуу. Оорулуу же бактерия алып жүрүүчү жөтөлгөндө, чүчкүргөндө, сүйлөгөндө шилекей жана абага чачырап, соо адамга жугат. Кээде тамак-аш, түрдүү буюмдар аркылуу да жугушу мүмкүндүк Козгогучч былжыр челге түшкөндө, токсин (уу зат) бөлүп чыгарып, ал эпителийдин некрозун пайда кылат да, кан тамырларды жабыркатат жана фибрин торчосун түзүп, өңөр пайда болот. Токсин канга өтүп, организм жалпы ууланат. Мында көбүнчө нерв жана жүрөк-кан тамыр системасы, бөйрөк жабыркайт. Жашыруун мезгили 2–10 күндүк Оору козгогучу алкым бездерин, көз, мурун, кекиртектин, чанда кыздын жыныс мүчөсүнө өтөт. Мурун Кептөөрүндө мурун бүтүп, суу агат. Оорулуунун абалы көп өзгөрбөйт. Кекиртек Кептөөрү көп учурда жаш балдарда кезигет. Кептөөр таякчасынын уусу көпчүлүк органдарга (өпкө, бөйрөк, жүрөк жана нервге) таасир этип, оор кабылдоого дуушар кылат. Дарылоодо кан сары суусу куюлат. Алдын алууда негизинен Кептөөргө каршы бардык дени соо балдар (5–6 айлыктан 12 жашка чейин) эмделет. Ооруну эрте аныктап, ооруканага жаткырып, үйгө дезинфекция жасоо да оорунун таралышын алдын алат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]