Кеп темпи

Википедия дан

Кеп темпи (итал. tempo, лат. tempos - убакыт) – кептин элементтерин: тыбыш, муун, сөздү айтуунун ылдамдыгы.

Ал секундуна айтылган тыбыш, муун, сөздөрдүн санын эсептөө же алардын орточо узундугу аркылуу аныкталат. Кеп темпи аныктоо, баарынан мурда, айтылган кепти кабыл алууда үндүүлөрдүн биринен кийин биринин айтылыш убагын же муундун орточо узундугун кабыл алуу негиз болот. Ошондуктан Кеп темпи интонациянын бир компоненти экендиги талашсыз. Айтуунун аягында Кеп темпи жайлатуу анын интонациялык бирдигин түзүүнүн каражатына айланат. Кеп темпи маанилүү же маанисиз нерселерди айтууда, мааниси жагынан өтө маанилүү кептин бөлүгүн айтууда (бүтүндөй синтагма же айрым сөз) кеп жай, түшүнүктүү, так айтылат. Ал эми анчалык мааниге ээ болбогон кептин бөлүгү (мисалы, киринди сөз) ылдамдатылган темпте сүйлөнөт. Кеп темпинин артыкчылыгы ар бир жеке кишинин сүйлөө өзгөчөлүгүнө, эмоционалдык абалына, пикир алышуунун жагдайына жана сүйлөөсүнүн стилине байланыштуу болот. Кеп темпи кептик бирдиктеринин узундугунан, тагыраак айтканда, сөз менен синтагма канчалык узак (узун) болсо, тыбыштын (муундун, сөздүн) орточо узундугу ошончолук кыска болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4