Кератофир

Википедия дан

Кератофир (грекче ktras – мүйүз жана порфир) – магма тоо теги. Сиенит-трахит тобуна кирет. Сиениттин эффузивдүү палеотиби. Порфирлүү түзүлүштөн турат. Порфирлүү бөлүкчөлөрүнө альбит, биотит, кээде диопсид кирет. Негизинен альбиттин өтө майда микролиттери кездешет. Курамына жараша кварцтуу, ортоклаздуу, кварцсыз Кератофир болуп бөлүнөт. Кыргызстанда спилитдиабаз формациясын түзүп, Түндүк Теңир-Тоодо (протерозой заманынын акыры жана кембрийдин башталышы), Түштүк Теңир-Тоодо (силур жана девондун башында) жолугат. Кератофир жанар тоо чөкмөлөрүндө кеңири тараган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]