Кербездер
Кербездер. Комуз күүлөрүндөгү түрдүүчө чертилген, эчен сырдуу кайруулардын ээси “ Кербез ” күүлөрү болот. Комуз күүлөрүндөгү “кербездер” күү тутумунун башатын Токтогул Сатылганов баштаган. “Кербез” деген сөздүн чечилиши адамдын турмушундагы өзгөчөлөнгөн учурун же өзүнүн башкалардан өзгөчө экендигин даңазалай турган маанайын айтат. Айрым учурда башкаларды теңсинбей, бой көтөргөн адамды дагы “кербез адам экен” деп сыпатташат.
Токтогул бала кезинде “Бала кербез”, “Мырза кербез” деген күүлөрүн жаратат. Ага улай элди эзген тараптын айыбын ачып, элдин таламын талашып ырдаган акын болгон үчүн, ал учурдагы эл башчысы Керимбай болуш ( кадимки обончу – ырчы Асанкалый Керимбаевдин чоң атасы ) Токтогулду жалган жалаа менен Сибирге сүргүнгө айдатат. Замандаштарынан өзгөчөлөнүп, жети жыл Сибирь абагында тарткан азабын мыскылдуу маанай менен атап, “Келгендеги кербезим” деген ыры жана “Арман кербези” деген ыры менен коштолгон күүсүн чыгарат.
Токтогулдун “кербез” деген күүлөрүнүнү аталышы модага айланып, кийин Карамолдо Орозов “Жаш кербез”, Атай Огонбаев “Кыз кербез”, Мураталы Күреңкеев “Чоң кербез” деген күүлөрүн чыгарышкан. Демек, “кербез” деген аталыш ар комузчунун кыялындагы өздүк турмушуна байланышкан музыка ыргактарынын жаңырыгы деп айтсак болот. Мисалы, Карамолдонун “Жаш кербези” кудум токтоло элек жаштык куракты чагылдырган сыяктуу комуздун моюн бөлүгүнүн ар мерчемине улам – улам которулуп ойнолот. Ошол эле учурда Карамолдого гана мүнөздүү терең сезимдерди козгогон орошон ойлуулук, жаштык демди чагылдырган шаңдуулук байкалып турат. “Жаш кербез” дагы Токтогулдун “Бала кербези” сыякту оң буроого ( Насыйкат күүсүнө ) күүлөнөт. Бирок бул күүлөр бири – бирине таптакыр шайкеш келбеген кайруулардан түзүлүп, ар бири адам сезимине кайталангыс керемет асер берип турат. Атайдын “Кыз кербези”, Токтогулдун “Мырза кербезинин” маанайында чыгарылган. Ал эми Токтогул, Мураталы , Карамолдо баштаган комузчлардын “Чоң кербез” аталган күүлөрү карыларга мүнөздүү олуттуу жана салмактуу ойлорго чөгөрүлгөн кайруулардан түзүлүп, комуз өнөрчүлүгүнө пайгамбарлык маанай тартуулайт. Бир гана айырмасы – Токтогулдун “Чоң кербези” башкалардыкынанан айырмаланып кол ойнотуулар менен коштолуп чертилет.
Негизи эле ТОктогул бардык күүлөрүн элге түшүнүктүү болсун үчүн ыр же масел сөз менен коштоп чертер эле дешет. Калык Акиев, Коргоол Досуев, Алымкул /сөнбаев, Атай Огомбаев сыяктуу шакирттери аркылуу бизге жеткен маалыматтарда күүлөрү толук кандуу эмес. Себеби Токтогулдун Ыр жана масел сөз менен коштолгон “Тогуз кайрык” деген күүсү өтө татаал ыкмалар менен аткарылгандыктан, толук кандуу эч ким үйрөнүп кала албаганы айтылат. Ошол себептүү кара күү катары чертилген варианты гана сакталып калды. “Бала кербез” менен “Мырза кербези” дагы ырсыз аткарылат.
Маалымат булагы: “Шоокум журналы”. 2011 – жылдын сентябрь айы.