Кербель Лев Ефимович

Википедия дан

Кербель Лев Ефимович [25 (7). 10 (11). 1917, Россия республикасы, Чернигов губерниясы, Семёновка кыштагы – 14. 8. 2003, СССР, Москва шаары] – советтик скульптор, СССР мамлекеттик сыйл. лауреаты (1950). СССР эл сүрөтчүсү (1977), СССР сүрөт академиясынын анык мүчөсү (1962). Монументалист портретчи. Социалисттик Эмгектин Баатыры (1985). 1962-жылдан Москва көркөм сүрөт интунда окутуучу, профессор (1963) болгон. Көптөгөн аскер адамдарынын, космонавттардын, эмгекчилердин, окумуштуулардын, мамлекеттик ишмерлердин портреттерин жараткан: «Жеңиш парады», «Ленинди угуп жатышат» (гипс, 1948–49; СССР мамлекеттик сыйлыгы, 1950); Советтер Союзунун эки жолку Баатыры В. С. Петровдун (мрамор, 1951), Социалисттик Эмгектин Баатыры К. С. Мухтарованын (мрамор, 1954), В. И. Лениндин Горькидеги (гранит, 1959), К. Маркстын Москвадагы (гранит, 1961; Лениндик сыйлык, 1962), Карл-Маркс-Штадттагы (азыр Кемниц; коло, 1971) ж. б. эстеликтердин автору. Ленин ордени ж. б. сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]