Кереж

Википедия дан

КережИрандын түндүгүндөгү шаар. Тегеран останында. Тегерандын шаар-спутниги. Кереж дарыясынын боюнда, Эльбурс тоосунун этегинде жайгашкан. Калкы 1,5 млн (2008). Тегеран жана темир жана автомобиль магистралдары аркылуу байланышат. Б. з. ч. 3-кылымдын аягынан белгилүү. Орто кылымдын кербен сарайы, шаардын четинде Мехршахр маданий комплекси (Морварид ак сарайы жана) сакталган. Ядролук изилдөөлөр интуту, жаратылыш ресурстар илимий-изилдөө борбору, айыл чарба университети бар. Машина куруу жана металл иштетүү (ракета техникасы жана газ өндүрүшү ж. б.), химиялык (суперфосфат ж. б.), жеңил (текстиль, булгаары-бут кийим) жана тамак-аш өнөр-жай, курулуш материалдар өндүрүшү жана шаарга жакын жерде жеңил автомобиль жана автобустарды кураштыруучу завод иштейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]