Керемет көч

Википедия дан

Керемет көч-кыргыз анимациялык телесериалы


  • Кыргызстандагы өтө популярдуу анимациялык окутуп-үйрөтүүчү телесериал.
  • Балдар үчүн ЮНИСЕФ менен КТР биргелешип жасашкан эл аралык теледолбоор.
  • Теледолбоордун ээси – БУУнун (ООН) ЮНИСЕФ уюму.
  • Долбоордун идеясы ошол кездеги ЮНИСЕФтин кызматкери Улан Дубанаевдики.
  • ”Керемет көч” анимациялык сериалы 2006-жылдан тартып телеэфирге чыга баштаган.
  • Бүгүнкү күнгө чейин 600 гө жакын серия ишке ашырылды.
  • Сериалдын жалпы хронометражы – 106 сааттан ашык же 6400 мүнөтттү түзөт.
  • Биринчи сезондун 260 сериясында Актан менен Акылайдын үнүн Махабат Байгабылова аткарган.
  • Кийинки 300 сериясында Акылайдын ролун Адеми Кулмамбетова, Актандын ролун Дастан Мадылбеков аткарышкан.
  • М.Байгабылова Такайдын, апасынын ж.б. бир нече кейипкерлердин үнүн сүйлөтөт.
  • ”Керемет көч” анимациялык телесериалынын негиздөөөчүлөрүнүн бири, негизги сценаристи жана режиссеру Сергей Кролевич.
  • ”Керемет көч” долбоорунун негиздөөчүлөрүнүн бири, жетекчиси жана продюсери Лира Айтымбетова.
  • ”Керемет көч” деген атты жана бир нече каармандардын ысымдарын Жаныш Кулмамбетов койгон.
  • Ж.Кулмамбетов “Керемет көчтүн” негиздөөчүлөрүнүн катарына кирет. Ал ошол эле учурда бул теледолбоордун редактору, котормочу-ылайыктоочусу жана артисттик үн интонациясынын режиссеру.
  • Теледолбоордун үн оператору жана музыкалык жасалгалоочусу Нурдин Төрөбеков.
  • Бул анимациялык теледолбоорунун сүрөтчүсү Айдин Абдылдаев.
  • Аниматорлору Артем Кметь, Айсулуу Жекшелаева ж.б.
  • ”Керемет көч” теледолбооруна туруктуу катышкан артисттер: Махабат Байгабылова, Руслан Курманалиев, Улан Зайнидин уулу, Айнура Эсеналиева ж.б.
  • Акын Кыялбек Урманбетов”Керемет көч” теледолбооруна бир нече мезгилге чейин ыр жазып берип турган.
  • ”Керемет көчтүн” негизги ырларын Д.Мадылбеков, А.Кулмамбетова аткарышат.
  • Бул теледолбоордо отуздан ашуун ыр бар.
  • ”Керемет көч” теледолбоорунун башкы жана негизги кейипкерлери – Актан, Акылай, Такай, Телибай тентек, Бермет, Алишер, Алена, Акмат (чоң ата) ж.б.
  • ”Керемет көч” теледолбоорунан таасирленип, көптөгөн кыргыз ата-энелер жаңы төрөлгөн наристелеринин аттарын Актан, Акылай коюшууда.
  • Бүгүнкү күндө Казакстанда да дал ушундай анимациялык теледолбоор ишке ашырылып жатат. Ал иш жүзүндө ”Керемет көч” теледолбоорунун түздөн-түз таасири болуп саналат. Анткени, казак теледолбоорунун авторлорунун жана ишке ашыруучуларынын бири Улан Дубанаев.
  • ”Керемет көч” теледолбоору түрк тилине которулуп, бир нече жылдан бери жумасына эки ирээт “Дискавери” каналынан көрсөтүлүп келе жатат.