Кериктер

Википедия дан
Diceros bicornis.

Кериктер (Rhinocerotidae) – сыңар туяктуу сүт эмүүчүлөр тукуму. Дене узундугу 2–5, бийиктиги 1–2 м, салмагы 3,6 тга жетет. Дене түзүлүшү массивдүү, териси калың, жүнсүз. Башы сүйрү, көзү кичине, кулагы чоң, кыймылдуу, моюну кыска, жоон, тумшугунун үстүндө уз. 1,58 смге чейин жеткен 1 же 2 мүйүзү (кара кериктики 3, кээде 5) болот. Буттары кыска, үч манжалуу, манжасы туяктуу, күчтүү, денеси салмактуу болсо дагы жакшы жүгүрөт. Кериктердин 4 урууга кирген 5 түрү (суматра кериги, индия кериги, ява кериги, кара керик, ак керик) бар. Алар Африка жана Түндүк- Чыгыш Азиянын тропик токойлорунда, саванналарда, суу жээгиндеги өсүмдүк арасында, саздуу жерде жашайт. Көбүнчө экиден жүрөт, түнкүсүн активдүү, өсүмдүк бутагы, бүрү ж. б. жана азыктанат. Ургаачысы 2–3 жылда бир жолу 17–18 ай көтөрүп 1, чанда 2ни тууйт. 50–60 жыл жашайт. Эти жана майы тамак-ашка колдонулат, терисинен түрдүү буюмдар жасалат. Саны өтө азайып кеткендиктен, ТКЭСтин Кызыл китебине катталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]