Керимбаев Качкынбай

Википедия дан

Керимбаев Качкынбай – жазуучу. Токтогул районунун Сары-Камыш айылында 1956-жылы 9-февралда туулган. Сары-Камыш айылындагы Бирлик орто мектебин 1973-жылы аяктап, 1973-1975-жж. Базар-Коргондогу №12 кесиптик-техникалык окуу жайында кеңири профилдеги айыл чарба механиги адистигинде окуган.

Эмгек жолун 1975-1976-жж. Токтогул районунун «Толук» совхозунун 3-бөлүмүндө жумушчу болуп иштөө менен баштаган. 1977-жылы райондук камсыздандыруу инспекциясында штаттан тышкаркы агент, 1977-1980-жж. райондук керек-жарак коомунда жумушчу, 1980-1985-жж. Токтогул райондук «Учкун» редакциясынын алдындагы басма цехинде механик болуп эмгектенген.

1990-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университеттин филология факультетинин журналистика бөлүмүн сырттан окуп бүтүргөн.

1985-жылы «Учкун» гезитинин партиялык турмуш, айыл чарба бөлүмдөрүндө кабарчы, 1990-жылдан райондук «Шамшыкал» гезитинин жооптуу катчысы болуп иштеп келет.

1999-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.


Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кар кызым менин: Повесттер, аңгемелер, драма. - Б.: Элпек, 2002. - 180 б.

Сен жөнүндө элегия: Аңгемелер. - Б.: Айат, 2006. - 76 б.

Телефон КИУ-1: Фантастикалык аңгеме. - Б.: Айат, 2006. - 12 б.

Айыл баяны: Эссе, очерктер. - Б.: Айат, 2007. - 88 б.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]