Керимжанова Бүбүй

Википедия дан

Керимжанова Бүбүй (1920–1994) - адабиятчы жана адабий сынчы.

Бүбүй Керимжанова 1920-жылы Пржевалск районундагы Бирликчерик кыштагында туулган.
Б.Керимжанова 1937-жылы рабфакты,
1941-жылы Кыргызстан Мамлекеттик педагогика институтун,
1947-жылы аспирантураны бүтүрүп,
1950-жылы Москвадагы КПСС БКнын алдындагы Коомдук илимдер академиясында «Жоомарт Бөкөнбаевдин чыгармачылык жолу» деген темада диссертациясын коргоп, филология илимдеринин кандидаты болот.
1950–1976-жж. Кыргыз ССРинин Илимдер академиясынын тил жана адабият институтунун кыргыз совет адабият секторунун башчысы, Кыргыз ССР Илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти болгон.
Б.Керимжанова 1947-жылдан ондогон адабий сын макалаларды жазып,
1948-жылы «Кыргыз макалдары менен лакаптары» жыйнагын түзүп чыгарган.
Б.Керимжанова Кыргыз совет адабиятынын 10-класстары үчүн окуу китебинин жана «Кыргыз совет адабиятынын тарыхынын очерки» деген монографиялардын авторлорунун бири.
1958-жылдан СССР Жазуучулар союзуна мүчө.
Кыргыз совет адабиятына сиңирген эмгеги үчүн «Ардак белгиси», «Эмгек Кызыл Туу» ордени, В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылды-гынын урматына «Каарман эмгеги үчүн» медалы, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун Ардак грамотасы менен сыйланган.
Фрунзе облустук советинин эл депутаттарынын IV чакырылышына депутат болуп шайланган. Кыргыз ССР Жогорку Советинин Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү болгон (1955–1960).

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде

Кыргыз макалдары жана лакаптары. – Ф.: Кыргызмамбас, 1948. – 55 б.

Кыргыз совет адабияты 25 жылда. – Ф.: Кыргызмамбас, 1951. – 113 б.

Жоомарт Бөкөнбаев (1910–1944). – Ф.: 1953. – 49 б. (Кыргыз ССРинин саясий жана илимий билимдерди жайылтуу коому.)

Кыргыз совет адабияты. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1955. – 256 б.

Акындын чыгармачылык жолу. – Ф.: Кыргызмамбас, 1960. – 92 б.

Кыргыз совет адабиятынын тарыхынын очерки. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1960. – 510 б. (Ш.Үмөталиев менен бирге).

Семетей жана Сейтек. – Ф.: Кыргыз Илимдер академиясы, 1961. – 60 б.

Кыргыз поэзиясындагы уйкаш. – Ф.: Кыргыз Илимдер академиясы, 1962. – 306 б.

Кыргыз ыр түзүлүшүнүн кээ бир маселелери. – Ф.: Кыргыз Илимдер академиясы, 1964. – 167 б.

Октябрда туулган адабият. – Ф.: Илим, 1969. – 64 б.

Кыргыз совет адабияты. Орто мектептин 10-классы үчүн окуу китеби. 4-басылышы. – Ф.: Мектеп басмасы, 1970. – 397 бет. (Ш. Үмөталиев менен бирге).

Кыргыз совет адабияты. Орто мектептин 10-классы үчүн окуу китеби. – Ф.: Мектеп басмасы, 1972. – 384 б.

Кыргыз совет адабияты. Орто мектептин 10-классы үчүн окуу китеби. 2-басылышы. – Ф.: Мектеп, 1973. – 382 б.

Адабият жана көркөм чеберчилик: Илимий макалалар, адабий портрет, заметкалар, очерктер. – Ф.: Кыргызстан, 1980. – 264 б.

Орус тилинде

Путь поэта: Очерк литературной и общественной деятельности киргизского поэта и драматурга Джоомарта Боконбаева. – Ф.: АН Кирг.ССР, 1960. – 94 с.

Семетей и Сейтек. – Ф.: АН Кирг. СССР, 1961. – 60 с.

Очерки истории кыргызской советской литературы. – Ф.: АН Кирг. ССР. 1961. – 520 с. (Коллектив.)

Слово безвестных мудрецов: Киргизские пословицы. – Ф.: Кыргызстан, 1968. – 180 с.

Литература, рожденная Октябрем: Популярный очерк о формировании киргизской советской литературы. – Ф.: Илим, 1969. – 64 с.