Керимсел

Википедия дан

Керимсел (арабча керим – ысык, сел – агым; ысык агым) – жай мезгилинде болуучу кургак, ысык (20–25оC) жел. Мелүүн алкактын талаа жана жарым чөл зоналарына, айрыкча Каспий бою ойдуңуна жана Казакстанга мүнөздүү. Аба ырайынын антициклондук режиминде пайда болот. Ылдамдыгы 5–20 м/сек, салыштырмалуу нымдуулугу 30%ке чейин. Керимсел көбүнчө бир нече суткага чейин гана болуп, узакка созулбайт. Жогорку температура жана абанын аз нымдуулугу жерг. аба массасынын трансформациясына алып келет. Керимсел жүргөндө буулануу күчөп, топуракта ным жетишпегендиктен, айыл чарбага чоң зыян келтирет. Керимсел Кыргызстандын кургакчыл аймактарына да мүнөздүү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]