Керки-Дөң, Араван району
Көрүнүш
Керки-Дөң, Араван району – Ош облусунун Араван районундагы кыштак. Төө-Моюн айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 645 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Араван кыштагынан 50 км түштүк-батыш тарапта. Кызыл-Кыя темир жол бекетинен 50 км. Кыштак 1900-ж. негизделген. Калкы 848 (1987), 1729 (2007); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, бала бакча, клуб бар.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9