Керки тамга

Википедия дан

Керки тамга - басыз уруусунун курамындагы уруктар тобунун аталышы. Этностук аталыш байыркы кыргыз мезгилине (6-9-кк.) доорлош. Уруктар тобунун эн тамгасы учу иймек керкини элестетет. Керки - балтадан кичине, жыгач чабуу, кертүү үчүн колдонулуучу курал. Бул эн тамгага окшош белгилерди Орхон-Енисейдеги руникалык жазуулардан да кезиктирүүгө болот. Саяк уруусунун эн тамгаларынын бири ушул ат менен белгилүү. Эн тамгалардын параллелдери казактарда (шылбыр тамга), хакастарда (кызыл), ногой жана кара калпактарда (ыргаклы) бар экендиги белгилүү- этностук аталыштын түз параллелдери түркмөндөрдүн, өзбектер- дин, азербайжандардын курамдарында бар. Бул уруктар тобунун өкүлдөрү Сузак, Өзгөн, Тогузторо, Акталаа аймактарында байырлашат. Негизги уруктары: үмөт, мадыш, жетикашка, асан, кош- кенчи, тешберек, козумерек жана башкалар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]