Керосин

Википедия дан

Керосин (англ. 1сегозепе) — нефтини буулантып айдоодо жана нефтини крекингдөөдө 180-320°С чейин кайнап бөлүнө турган углеводороддор аралашмасы. Түссүз же саргыч келген тунук суюктук. Тыгызд. 0,775-0,850 г/см3. Тутануу (от алуу) темп-расы анын фракциялык курамына жараша болот, б. а. К. курамында жогорку темп-рада кайноочу фракциясы канчалык көп болсо ошончолук жогорку темп-рада тутанат. К. курамындагы углеводороддор, К. өндүрүлгөн нефтинин курамына жана аны өндүрүү технол-сына жараша болот. Мис., туймазин нефтисинен алынган К. 47 % парафин, 17 % нафтен, 30% ароматтык жана 6% чексиз углеводороддон турса, Сызрань нефтисинен алынган К. 48 % парафин, 44 % нафтен, 22 % ароматтык жана 1 % чексиз углеводороддон турат. К. курамына жараша: авиа, трактордук жана жарык берүү үчүн колдонулуучу К. болуп бөлүнөт. Авиацияда колдонулуучу К. — ароматтык углеводороддор 20-23 %, чексиз углеводород 2,4 % жогору болбош керек. Трактордук К. нефтини жана анын аралашмасын буулантып айдоодон алынган 110-300°С чейин кайноочу фракциясы. Трактордук К. сапаты фракциялык курамы жана октан саны менен мүнөздөлөт. Жарык берүү үчүн колдонулуучу К. метан углеводородуна бай нефтилерди буулантып айдоодон алынат. Мындай К. жалыны ышсыз болуп күйөт. Аны күкүрт кислотасы, же щелочь жана суу менен жууп тазалайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]