Керчь жарым аралы

Википедия дан
Керчь жарым аралы.

Керчь жарым аралы – Крым жарым аралынын чыгыш бөлүгү. Түндүгүнөн Азов, түштүгүнөн Кара деңиздери, чыгышынан Керчь кысыгы жана чулганат. Аянты 3 миң км2. Түндүк-чыгышы дөбө-дөңсөөлүү (бийикт. 190 мге чейин), түштүк-батышы түзөң. Баткак жанар тоолору, Керчь темир бассейни бар. Ири шаары жана порту – Керчь. Көп бөлүгү айдоо, анда дан, техникалык жана бакча өсүмдүктөрү, жүзүм өстүрүлөт. Жарым аралды б. з. ч. 5-кылымдан б. з. 4-кылымына чейин Боспор мамлекети ээлеген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]