Мазмунга өтүү

Керээз кат

Википедия дан

Керээз кат — жарандын өзүнө караштуу мүлкүн же ага карата укугун көзү өткөндөн кийин жайгаруу боюнча калтырган жеке эркин камтуучу документ. Жаран (мурастоочу) өз мүлкүнүн баарын же кандайдыр бир бөлүгүн мыйзам боюнча мураскерлеринин катарына кирген да, кирбеген да адамдарга, ошондой эле юридикалык жактарга, мамлекетке же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мурас калтырышы мүмкүн. Мурастоочу бардык мүлкү жөнүндө керээз калтырууга укугу бар. Керээз үзүлгөн жери жана убактысы көрсөтүлүү менен, кат жүзүндө түзүлүп, керээз ээсинин кол тамгасы коюлат да, нотариалдык жактан күбөлөндүрүлөт.

  • Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7